Ырчы Съезбек Искеналиев кызы Аруужандын тушоо тоюн өткөрдү. Той кечээ, 1-июнда борбордогу тойканалардын биринде орун алды. Ага ырчынын жакындарынан сырткары, шоу-бизнес өкүлдөрүнүн дээрлик баары келген.

«Кызым 14-майда бир жашка чыккан. Бирок тойду июндун алгачкы күнүнө пландадык. Тушоо той болгондуктан балдарды эле чуркаттым. Чоңдор чуркаган жок. Үйүбүздү бүтүргөндөн бери бата ала элек болчубуз. Андыктан эки тойду чогуу өткөрдүк. Тамада Манас Алыкулов болду», — дейт ырчы.
Ошондой эле, тойго жалпысынан 100 адамды чакырганын кошумчалады.

Тойдо ырчынын улуу кызы Даткайымдын комузда кол ойнотуп, күү черткени келген коноктор үчүн күтүүсүз жаңылык болду.










