Кыргыз Республикасынын Эмгек сиңирген артисти Шайыр Касымалиева бүгүн 54 жашка чыкты. Актриса менен байланышып, туулган күндүк пландары тууралуу сурасак, буларга токтолду.
“Туулган күндүк маанайым сонун. Себеби жакындарым телефон аркылуу, социалдык тармактар аркылуу түндөн тартып куттуктап жатышат. Негизи жумуштарым аябай көп. Ага карабай бүгүн үйдө болоюн деп көп иш пландаган жокмун. Саат 15:00дө бир сериалдын тартуу иштерине катышам. Ал эми кечинде үй-бүлөбүз, апам, кызым, неберелерим менен бирге чакан дасторкон үстүндө чайлашабыз”, — дейт актриса.
Шайыр Касымалиева 1967-жылы 9-апрелде Ысык-Көлдүн Балыкчы шаарында туулган.












