Ырчы Асел Кадырбекова жол кырсыктан кийин калган денесиндеги тактарды көрсөттү. Ал социалдык тармактагы баракчасына сүрөт жүктөп, бул тактарды көргөндө шүгүр айтарын жазды.
«Башында бетимди, денемди көрүп, болгон жашымды төктүм. Бирок убакыт өттү, чачым өстү, бетим да өз калыбына келди, көзүмдүн көрүүсүн жакшырттык, денемдеги көк ала тактар да 1 жыл дегенде тарады, эс тутумум толук келбесе да, маанилүү учурларды эстедим. Бирок кээ бир нерселерди жараткан унутуп калбасын деп эстетип туруу үчүн түбөлүккө “шрам” кылып калтырат окшойт.
Аялзаты үчүн албетте, келбет эң маанилүү. Бирок негизги нерсе эмес экенин унутпаңыз! Жер жүзүндө миллиарддаган адамдардын ар биринде ар кандай келбет, кемчиликтер, түрдүү жагдайлар, ар кандай жашоо-шарт бар.
Айланабыздагы жашоо-шарт, биздин көрүнүшүбүз алдыга умтулуубузга, бийиктиктерди багынтуубузга, өзүбүздү кандай болсок ошондой сүйүүбүзгө таасирин тийгизбеши керек. Шүгүр! Тирүүлүк өзү ырахат. Мисалы, мен үчүн бул тактар күн сайын «ошол убакытты унутпа» дегендей көзүмө көрүнөт жана ушул такты көрүп, азыркы күндөрүмө, азыркы абалыма, азыркы жашоомо ыраазы болуп шүгүр деп күндө айтам»,- деп жазды ал.
Посмотреть эту публикацию в Instagram