Скриптонит катары таанылган казакстандык рэп ырчысы Адиль Жалеловдун лейбли (аткаруучулардын чыгармаларына продюсерлик кылган компаниялардын бренди) чыгармачылыгын токтотту. Бул тууралуу Musica36 лейбли Инстаграм баракчасы аркылуу билдирүү жазган.
Билдирүүдө лейбл февраль айында эле ишин токтотконун, бирок артисттер жеке ырчы катары чыгармачылыгын уланта берери айтылган.
Скриптонит «Baby mama», «Положение», «Танцуй сама» жана башка ырлары менен таанымал.











