Abank
SerepTV Logo

"Славян базары" эл аралык сынагында Бек Исраилов 3-орунду багындырды (видео)

"Славян базары" эл аралык сынагында Бек Исраилов 3-орунду багындырды (видео)
Кечээ, 17-июль күнү Беларусь өлкөсүнүн Витебск шаарында өткөн "Славян базары" музыкалык сынагы жыйынтыкталып, Кыргызстандын атынан катышкан ырчы Бек Исраилов 3-орунду камсыздады. Белгилей кетсек, Бек Исраилов конкурстун биринчи күнү Александр Серовдун "Я" target="_blank">https://serep.kg/kabarlar/culture/yrchy-bek-israilov-slavyan-bazary-synagynda-ya-lyublyu-tebya-do-slez-yryn-atkardy-video/">Я люблю тебя да слёз" ырын аткарган. Экинчи күнү дүйнөлүк хит "I believe i can fly" (R. Kelly) ырын аткарган. Маалыматка ылайык, "Славян базары" эл аралык эстрадалык ырлар сынагында Беларусь өлкөсүнүн ырчысы Анна Трубецкая баш байгеге коюлган 20 миң доллар сыйлыкка ээ болгон. 1-орунду италиялык ырчы Марта (15 000 доллар); 2-орунду Болгария өлкөсүнөн Димитрина Германова жана Орусиядан Nansi (ар бири 5000 доллар); 3-орунду армениялык ырчы Мария Ханданьян жана Кыргызстандан Бек Исраилов (ар бири 2500 доллар) багынтышкан.