Дүйшөмбү, 02.02.2026
Бишкек booked.net
+19...+31° C
  • Жарнама
  • Байланыш
 SerepKG
Биз социалдык тармакта
  • СерепТВ
    • ЖАҢЫЛЫКТАР
    • САЯСИЙ КОКТЕЙЛЬ
    • КООМ/ТАГДЫР
    • КЫЛМЫШ/КЫРСЫК
    • ШОУ-БИЗНЕС
    • МАДАНИЯТ
    • БийикТикте
    • ЖЫЛДЫЗ ТӨЛГӨ
    • ЖУБАЙЛАР ШОУ
    • ЖҮРӨК СЫРЫ
    • ЖЫЛАӉАЧ БААТЫР
    • СПОРТ
    • ЖЫЛМАЙЫП КОЮӉУЗ
    • АР ТҮРКҮН
    • ЭМГЕК ЖАРЧЫСЫ
    • СЕРИАЛДАР
  • КАБАРЛАР
    • САЯСАТ
    • КООМ
    • МАДАНИЯТ, ШОУ-БИЗНЕС
    • КЫЛМЫШ, КЫРСЫКТАР
    • СПОРТ
    • ТҮРКҮН ДҮЙНӨ
    • КОРЕЙ ТОЛКУНУ
    • ПАЙДАЛУУ КЕӉЕШТЕР
No Result
Бардык жыйынтык
  • Кирүү
  • Каттоо
 SerepKG
  • СерепТВ
    • ЖАҢЫЛЫКТАР
    • САЯСИЙ КОКТЕЙЛЬ
    • КООМ/ТАГДЫР
    • КЫЛМЫШ/КЫРСЫК
    • ШОУ-БИЗНЕС
    • МАДАНИЯТ
    • БийикТикте
    • ЖЫЛДЫЗ ТӨЛГӨ
    • ЖУБАЙЛАР ШОУ
    • ЖҮРӨК СЫРЫ
    • ЖЫЛАӉАЧ БААТЫР
    • СПОРТ
    • ЖЫЛМАЙЫП КОЮӉУЗ
    • АР ТҮРКҮН
    • ЭМГЕК ЖАРЧЫСЫ
    • СЕРИАЛДАР
  • КАБАРЛАР
    • САЯСАТ
    • КООМ
    • МАДАНИЯТ, ШОУ-БИЗНЕС
    • КЫЛМЫШ, КЫРСЫКТАР
    • СПОРТ
    • ТҮРКҮН ДҮЙНӨ
    • КОРЕЙ ТОЛКУНУ
    • ПАЙДАЛУУ КЕӉЕШТЕР
No Result
Бардык жыйынтык
  • Кирүү
  • Каттоо
 SerepKG
No Result
Бардык жыйынтык
Башкы бет КАБАРЛАР МАДАНИЯТ, ШОУ-БИЗНЕС

Спектакль алдындагы чыр. Уюштуруучулар муну чагым катары баалашты

13:19 07.03.2021
0
Спектакль алдындагы чыр. Уюштуруучулар муну чагым катары баалашты

Бишкектеги Абдылас Малдыбаев атындагы опера жана балет театрында 6-март күнү «Ак куу көлү»  спектаклин коюу алдында чыр чыкты. Орусиядан артисттерди чакырып, спектаклди уюштурган «Радужка» фонду муну атайын жасалган чагым деп баалап, көрөрмандардан кечирим сурады.

Петр Чайковскийдин «Ак куу көлү» чыгармасын көрсөтүү үчүн аталган фонд орус балетинин көрүнүктүү артисттери Екатерина Первушина менен Сергей Мануйловду чакырышкан. Бирок спектакль белгиленген убакыттан 40 мүнөт өтсө да башталган эмес. Андан соң жергиликтүү артисттер сахнага чыгып, орусиялык артисттер менен иштешпей турганын билдиришкен. Соцтармактарда бул гонорарга байланыштуу болушу мүмкүн делген пикирлер айтылды.

Фонддун төрайымы Сагида Жумабекова муну атайын уюштулуган чагым катары эсептейт.

«Биз юридикалык жакпыз, ар бир артист менен келишим түзүүгө укугубуз жок. Бул мүмкүн да эмес. Биз театр менен келишим түзүп, өз милдеттерибизди ак ниет менен аткардык, ижара акысы үчүн жогорулатылган бааны төлөдүк. Жергиликтүү артисттер оюн болордун алдында «70 миң сом төлөгүлө» деп талап кылышты. Биз макул болуп, акчаны алып келдик, бирок ошондо да артисттер чыкпай коюшту. Алар спектаклге даяр эмес экен. Бул мурдатан пландалган акция», — деп билдирди Сагида Жумабекова.

Анын айтымында, келишим боюнча фонд ижараны театрдын кассасына төлөйт, андан ары ал акчанын тагдырын театр чечет.

«Биз эч нерсе деп кийлигише албайбыз. Кийин көшөгө артында артисттер биздин фондго эмес, айлык акынын аздыгы үчүн жетекчиликке нааразы экенин айтышты. Анда алар эмне үчүн дал ушул орусиялык артисттер катыша турган спектаклдин алдында мындай жорукка барышты? Буга чейин башка деле спектаклдер деле коюлуп келаткан да, эмнеге бул көйгөйдү ошол кезде көтөрүшкөн жок?» — деп таң калат ал.

Мындай ызы-чууга карабастан, спектакль коюлган. Сахнага чыкпай койгон артисттердин ордуна башкалар чыгышкан. Учурда фонд акт түзүп, Опера жана балет театрына өз доосун коймокчу.

Орус артисттеринин катышуусундагы «Ак куу көлү» спектакли бир эле күнгө пландалган. Билеттин баасы 1000 сомдон 2000 сомго чейин сатылган. Спектаклдин башында жарнамасында Орусиядан артисттер Мария Бек менен Сергей Мануйлов келери айтылган. Кийин Бектин ордуна Екатерина Первушина келген.

БөлүшүүБөлүшүүTweetЖиберүүБөлүшүүБөлүшүү
Гульнура Мамбеталиева

Гульнура Мамбеталиева

Окшош

Маданият кызматкерлеринин айлыгы 2 эсе көтөрүлөт

Маданият кызматкерлеринин айлыгы 2 эсе көтөрүлөт

Автор Айзада Тураркулова
10:24 22.01.2026
0

Маданият кызматкерлеринин айлыгы апрель айынан тарта 2 эсе көтөрүлөт. Бул тууралуу маданият, маалымат жана жаштар саясаты министринин биринчи орун басары...

Орусиялык актриса Вера Алентова 83 жашында каза болду

Орусиялык актриса Вера Алентова 83 жашында каза болду

Автор СЕРЕП МЕДИА
19:01 25.12.2025
0

Бүгүн, 25-декабрда Вера Алентова көз жумду, Эл артисти 83 жашта болгон. Бул тууралуу ал 60 жыл кызмат кылган Пушкин атындагы театрдан билдиришти....

«Рэкетир» тасмасынын жылдызы Мурат Бисембин ооруканага түштү

«Рэкетир» тасмасынын жылдызы Мурат Бисембин ооруканага түштү

Автор Эдита Ильясова
10:39 22.12.2025
0

“Рэкетир” тасмасынан белгилүү болгон казакстандык актёр Мурат Бисембин ооруканага түштү. Бул тууралуу анын кызы соцтармактагы баракчасына жазды. Маалыматка караганда, ал...

Рыспай Исаков: «Манас дүйнөсүнө сөз тийгизгенибиз үчүн кечирим сурайм»

Рыспай Исаков: «Манас дүйнөсүнө сөз тийгизгенибиз үчүн кечирим сурайм»

Автор Гүлмайрам Сабирбекова
09:47 12.12.2025
0

9-декабрь күнү манасчы Асаналы Калил уулунун жубайы социалдык баракчасы аркылуу күйөөсү манасчылар тарабынан сабалганын айтып, видеону жарыялаган. Асаналы Калил уулун...

Министрлик Манас театрындагы кырдаалды иликтөө үчүн комиссия түздү

Министрлик Манас театрындагы кырдаалды иликтөө үчүн комиссия түздү

Автор Гүлмайрам Сабирбекова
09:28 11.12.2025
0

Социалдык тармактарда Кыргыз улуттук “Манас” театрында бир катар манасчылардын ортосунда чыр-чатак чыккандыгы тууралуу маалыматтар жарыяланган. Аталган жагдайды жеринде тактап, объективдүү...

Комментарий кошуу Отменить ответ

Сиздин email дарек жашыруун бойдон калат. * - сөзсүз толтурулушу керек

  • Популярдуу
  • Комментарийлер
  • Жаңы
«Таманыңа ийне сайып, майып кылам». Бишкекте акча талап кылган шектүү кармалды

"Таманыңа ийне сайып, майып кылам". Бишкекте акча талап кылган шектүү кармалды

09:33 02.02.2026
Байчечекей чокусуна бара жатып жардан кулаган чет өлкөлүк ооруканага жеткирилди

Байчечекей чокусуна бара жатып жардан кулаган чет өлкөлүк ооруканага жеткирилди

09:44 02.02.2026
Бишкекте XXV Кышкы Олимпиада оюндарына катышуучу спортсмендерди узатуу иш-чарасы болуп өттү

Бишкекте XXV Кышкы Олимпиада оюндарына катышуучу спортсмендерди узатуу иш-чарасы болуп өттү

16:44 02.02.2026
Бишкекте XXV Кышкы Олимпиада оюндарына катышуучу спортсмендерди узатуу иш-чарасы болуп өттү

Бишкекте XXV Кышкы Олимпиада оюндарына катышуучу спортсмендерди узатуу иш-чарасы болуп өттү

16:44 02.02.2026
Байчечекей чокусуна бара жатып жардан кулаган чет өлкөлүк ооруканага жеткирилди

Байчечекей чокусуна бара жатып жардан кулаган чет өлкөлүк ооруканага жеткирилди

09:44 02.02.2026
«Таманыңа ийне сайып, майып кылам». Бишкекте акча талап кылган шектүү кармалды

"Таманыңа ийне сайып, майып кылам". Бишкекте акча талап кылган шектүү кармалды

09:33 02.02.2026

АРХИВ

Февраль 2026
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 1
2345678
9101112131415
16171819202122
232425262728  
« Янв    
Посмотреть на карте Бишкека
Найти проезд до СерепТВ , информационный портал

Биздин дарек:
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары.

Коёнкөзов көчөсү, 75

Кеӊсе
+996 (770) 88-29-00
info@serep.kg

Реклама бөлүмү
+996 (222) 88-29-29
reklama@serep.kg

Биз социалдык тармакта

Купуялык саясаты

©2021 СЕРЕП МЕДИА. Бардык укуктар корголгон.

No Result
Бардык жыйынтык
  • Кирүү
  • Каттоо
  • СерепТВ
    • ЖАҢЫЛЫКТАР
    • КООМ/ТАГДЫР
    • КЫЛМЫШ/КЫРСЫК
    • САЯСИЙ КОКТЕЙЛЬ
    • ШОУ-БИЗНЕС
    • МАДАНИЯТ
    • БийикТикте
    • ЖЫЛДЫЗ ТӨЛГӨ
    • ЖУБАЙЛАР ШОУ
    • ЖЫЛМАЙЫП КОЮӉУЗ
    • СПОРТ
    • АР ТҮРКҮН
    • ЖҮРӨК СЫРЫ
    • ЖЫЛАӉАЧ БААТЫР
    • СЕРИАЛДАР
    • ЭМГЕК ЖАРЧЫСЫ
  • КАБАРЛАР
    • САЯСАТ
    • КООМ
    • МАДАНИЯТ, ШОУ-БИЗНЕС
    • КЫЛМЫШ, КЫРСЫКТАР
    • СПОРТ
    • ТҮРКҮН ДҮЙНӨ
    • КОРЕЙ ТОЛКУНУ
    • ПАЙДАЛУУ КЕӉЕШТЕР
  • Жарнама
  • Байланыш

©2026 СЕРЕП МЕДИА. Бардык укуктар корголгон.

Кош келдиңиз!

Төмөндө сиздин эсебине кирүү

Сыр сөзүңүздү унуттуңузбу? Каттоо

Аккаунт түзүү

Катталуу үчүн төмөнкүлөрдү толтуруӊуз

Баарын толтуруӊуз. Кирүү

Retrieve your password

Please enter your username or email address to reset your password.

Кирүү