Кыргыз Эл артисти, ак таңдай акын, обончу Элмирбек Иманалиевдин каза болгонуна бир жыл болду.
Бүгүн социалдык тармактын колдонуучулары аны эскерип, жоктоп жазышууда. Алар менен катар төкмө акындын кыздары “Ата, сиз жок бир жыл” деген билдирүү жазышты. Азыркынын Токтогулу аталып, кыргыз-казак элине бирдей таанылган Элмирбек Иманалиев 2020-жылы 20-апрелде 42 жаш курагында дүйнө менен кош айтышкан. Акын 1978-жылы Жалал-Абад облусуна караштуу Токтогул районундагы Чоңко айылында төрөлгөн.
Элмирбек Иманалиевдин көзү өткөн соң улуу кызы Айзуура Иманалиева атасынын атынан коомдук фонд негизделгенин айтып, төрага катары акындын бир тууган агасы дайындалганын билдирген. Көп өтпөй акындын “Аманат” жана “Ак таңдагы ак бата” аталышындагы китептери басылып чыккан.











