Ырчы жана актриса Толгонай Арзыкеева бала кезинен чоң ата, чоң апасынын колунда өсүп, алардын тарбия-таалимин алган кыз. Ырчы алар тууралуу “Менин чыгармачылыгыма опол-тоодой салымы бар адамдар. Мени дайым колдоп, түшүнүп турушат” дейт.
«Мен үй-бүлөмдөн сырларым жок. Гүлдөр келип калса чоң апам менен чогуу окуп коебуз. Апам менен да отуруп окуйбуз. Атам деле сурайт, ачык эле айтып коем», — деди ал.