Бүгүн актёр Эркин Эгембердиев туулган күнүн белгилөөдө. 36 жашка чыгып, мүчөл жашын белгилеп жаткан ал туулган күнгө анчейин маани бербей турганын айтат.
“Быйыл туулган күнүм орозого туш келгендиктен кечинде жакындарыбыз ооз ачарга чакырып жатат. Ошол жактан белгилейм. Негизи бул күнгө көп деле маани бербейм. Андыктан ашыкча план койгон жокмун. Азыр дос-тааныштар, социалдык тармактын колдонуучуларынын куттуктоолорун окуп кубанып отурам. Жылдан-жылга куттуктагандардын саны өсүп жатат”, — дейт ал.
“Дем” театрынын актёру Эркин Эгембердиев 1985-жылы 14-апрелде Балыкчы шаарына караштуу Таш-Сарай айылында туулган.








