Ага Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министри Кайрат Иманалиев жана Кыргыз Республикасынын Түркиядагы элчиси Кубанычбек Өмүралиев катышты. Кыргыз Республикасынын тарыхындагы урунттуу окуялар, тарыхый жерлер жана жаратылышты камтыган бул көргөзмө Түркиянын бардык шаарларында жыл ичинде улантылып көрсөтүлөт. Көргөзмөдөн соң министр Түркиянын жазуучу, окумуштуулары жана ТҮРКСОЙдун жамааты менен жолугушту. ТҮРКСОЙдун баш катчысынын орун басары Билал Чакыжы буга чейинки жасалган иштер жана 2021-жылы биргеликте белгилей турган иш чаралар тууралуу маалымат берди. Министр өз сөзүндө ТҮРКСОЙ менен Түрк дүйнөсүнүн орток инсандарын таанытууга, маданияттар аралык тажрыйба алмашууларды жакшыртууга, фестиваль, форумдарды уюштурууга басым жасалаарын айтты.
Маданият кызматкерлеринин айлыгы 2 эсе көтөрүлөт
Маданият кызматкерлеринин айлыгы апрель айынан тарта 2 эсе көтөрүлөт. Бул тууралуу маданият, маалымат жана жаштар саясаты министринин биринчи орун басары...









