Педагогикалык жана чыгармачылык ишмердиги студент кезинде эле башталган. Ал 1994-жылдан баштап азыркы кезге чейинки аралыкта Кыргыз мамлекеттик маданият жана искусство университетинде, Калый Молдобасанов атындагы Кыргыз улуттук консерваториясында окутуучу, Кыргыз мамлекеттик Токтогул Сатылганов атындагы филармониянын солисти болуп иштеген. Жогорку музыкалык окуу жайлары үчүн элдик ырдоо программасын жана методикасын иштеп чыккан. Элдик устат-шакирт салттарына жана дүйнөлүк академиялык стандартка таянган методикага негизделген автордук мектепти түзгөн. УТРКнын Алтын казынасынын фондусунда анын аткаруусунда 100дөн ашуун ыры бар.
Маданият кызматкерлеринин айлыгы 2 эсе көтөрүлөт
Маданият кызматкерлеринин айлыгы апрель айынан тарта 2 эсе көтөрүлөт. Бул тууралуу маданият, маалымат жана жаштар саясаты министринин биринчи орун басары...










