Бүгүн, 11-май күнү «Нон-Стоп» дуэтинин солисти, жеке ырчы Максат Садырбеков уулдуу болду. Кубанычтуу кабары менен ал СЕРЕП МЕДИА маалымат агенттигине бөлүштү.
«Бүгүн таңкы саат 6ларда көз жарды. Салмагы 4 килограмм 7 грамм, бою 54 сантиметр. Уулубуз Айсулууга окшош болсо керек деп жаттым эле. Уулум да мага окшош экен», — деп күлөт ырчы.
Максат Садырбеков менен жубайы модель, визажист Айсулуу Молдалиева буга чейин кыздуу болушкан.