Актриса Роза Азимбаева социалдык тармактагы баракчасында үй-бүлөлүк зомбулукка туш болгонун айтып чыккан.
«Өзүнчө жакшы адам боло берген бир жолдошум бар. Мен буга чейин унчукпай келдим. Колумду сындырып салды окшойт. Колум шишип кетти. Ооруканага алып барбай жатышат. Бир жолу зомбулук көргөзгөндөн кийин оңолбойт. Эч качан кечирбегиле»,- деп жазды ал.
Свердлов РИИБ маалымат таратып, аталган факты Свердлов РИИБге катталып, текшерүү иштери башталганын билдирди. «Свердлов РИИБдин Тергөө кызматына 1986-жылы туулган А.Р. жана 1983-жылы туулган М.А. аттуу жубайларлар жеткирилген.
Мындан тышкары, аялдын айтымында, жаңжалдын жүрүшүндө жолдошу ага дене жаракат келтирип жана колунун сынышы мүмкүн экени билдирген. Ден соолукка келтирилген зыяндын оордугун аныктоо үчүн тиешелүү соттук медициналык экспертиза берүүгө дайындалууда», — деп айтылат маалыматта.











