«Ынтымак» паркында ырдап жылдызы жанган Бегимай Турусбекова Б.Бейшеналиева атындагы Кыргыз мамлекеттик маданият жана искусство университетине окууга тапшырды. Бул тууралуу Бегимай айым СЕРЕП МЕДИА маалымат агенттигине билдирди.
— Мурун М.Күрөңкеев атындагы окуу жайга тапшырып, 2 жылдан кийин окуумду улантпай койгом. Ал кезде жаш элем, кафеде ырдап иштеп калып, ошону менен жумушка кызыгып кеткем. Азыр чыгармачылык жолго киришип жаткандан кийин атайын адистикке окуу керектигин чечтим. Ошого байланыштуу Б.Бейшеналиева атындагы Кыргыз мамлекеттик маданият жана искусство университетинин эстрада бөлүмүнө сырттан окууга тапшырдым. Буюрса, сынактар бүттү. Бүгүн жыйын болот, ошондо окууга өткөндөр тууралуу толук маалымат беришет. Сынакка барган учурда мени көпчүлүк таанып, сүрөткө түшүштү. Мен өзүмчө окууга өттүм болуш керек деп жатам», — дейт Бегимай айым.
Эске салсак, Бегимай Турусбекова Бишкектеги «Ынтымак» паркында ырдап атагы чыккан. Жакында орусиялык телеалпаруучу Андрей Малаховдун «Привет, Андрей» берүүсү мекендешибиз тууралуу атайын берүү даярдап, Бегимай шоу программага конок болуп келген.
Азаматсыз, билим алуу эч качан кеч эмес, ийгилик каалаймын
Окуунузга ийгилик окууну ийгиликтуу аяктаныз