Ырчы Айардын апасы каза болду. Маалыматты SUPERTV`га ырчы өзү тастыктады.
“Апамдын жүрөгү ооруп, кан басымы көтөрүлүп жаткан. Караколдогу ооруканалардын биринде каза болду. Менин колумда, кучактап отурган жеримден таш боор ажал жулуп кетти. Өзү дин жолунда жүргөн, өтө жакшы адам эле. Элден суранарым апам Нурлайман кызы Каныкулга багыштап куран окуп коюшсунчу”, — деди ал.
SUPERTV ырчы Айарга жана анын жакындарына терең кайгыруу менен көңүл айтып, аза кайгысын тең бөлүшөт.










