Ырчы Айганыш Абдиева кош бойлуубу? Бул тууралуу ал социалдык тармактагы баракчасы аркылуу сүйүнчүлөдү. Ырчы курсагы чыгып турган сүрөтүн жүктөп, “Ким деп ойлойсуңар? Эркекпи же кызбы? Мен кыз деп ойлойм. Буюрса, мен сага кыз төрөп берем” деп жазган.
Ал эми биз ырчы менен байланышсак, ал кош бойлуу эмес экендигин айтып, бул жөн гана клип учурунда тартылган сүрөт экенин кошумчалады.
«Жаңы клип тартып жатканбыз. Анда кош бойлуу келиндин образын өзүм жараттым», — дейт ырчы.










