Бүгүн, 28-февралда ырчы, дастанчы Азиз Батыровдун жубайы көз жарды. СЕРЕП МЕДИА маалымат агенттигине ырчы мырза уулдуу болгонун сүйүнчүлөдү.
«Жубайым бүгүн саат 09:35те көз жарды. Эне-баланын абалы жакшы», — деди ал.
Батыров буга чейин социалдык тармактагы баракчасына жубайы экөө үчүнчү наристесин күтүп жатышканын жазып, «гендер пати» өткөргөн видеосун бөлүшкөн. Редакция байланышканда, УКМК төрагасы Камчыбек Ташиевдин «көп балалуу болгула» деп айтканын аткарып жатканын айтып тамашалаган.