Бир убакта интернет жылдызына айланган ырчы Байзак Кубанычбек уулу бүгүн, 28-августта 18 жашка толду.
СЕРЕП МЕДИА маалымат агенттиги анын устаты Кенже Көбөковага кайрылдык. «18 жашын белгилейли дегенбиз. Өзү 29-августта белгилейли деп жатат. Анткени туулган күнүндө иш-чарасы бар экен. Уулум экөөбүз белек камдап жатабыз»,- деген ал төмөнкүдөй куттуктоо жазды.
«18 жашың куттуу болсун, балам. Кичинеңде чыгармачыл катары балам болуп, тагдыр бизди кезиктирсе, азыр өз балам элесиң. Турмуш жолуң кенен, даңгыр болсун. Өмүрүң узун, ден соолугуң бекем болсун. Чыгармачыл жолун узак, ойлогон, тилеген максаттарыңа жетишиңе Аман байкең экөөбүз ар дайым тилектешпиз. Жашоодон тайба, тайгаланба, чыгармачыл инсан катары бийиктерди багындыр»,- деп жазды.
Посмотреть эту публикацию в Instagram











