Орусияга концерт коюу үчүн кеткен ырчы Дайыр Исмадияров ал жактан уулу менен жолукту. Бул тууралуу ал социалдык тармактагы баракчасына жазып, сүрөтүн жүктөдү. Сүрөттүн алдына “Балам экөөбүз жыргап жүрөбүз” деп жазган ал.
Белгилей кетсек, ырчынын мурунку жубайы менен уулу учурда Москвада турушат. Бул тууралуу Дайыр Исмадияров маектеринин биринде “Уулум Кыргызстанда болсо жума сайын ойнотуп турмакмын. Башка өлкөдө болгондуктан туулган күн, майрамдарда белектерди берип турам” деп айткан эле.






