Бүгүн, 23-ноябрда ырчы Кызсайкал Кабылованын кыз узатуу тою өтүп жатат. Ырчы айым социалдык тармактагы баракчасында видео менен бөлүштү.
Ал журналисттерге берген интервьюсунда жигити менен 1-класстан бери тааныш жана эң жакын досу экенин айтып, бактысын алыстан издеп жүрсө, көрсө, жанында эле жүргөнүн билдирген.
Кызсайкал Кабылованын сүйүктүүсү 31-октябрда ырчынын туулган күнүндө колун сураган.