Ишемби, 21.03.2026
Бишкек booked.net
+19...+31° C
  • Жарнама
  • Байланыш
 SerepKG
Биз социалдык тармакта
  • СерепТВ
    • ЖАҢЫЛЫКТАР
    • САЯСИЙ КОКТЕЙЛЬ
    • КООМ/ТАГДЫР
    • КЫЛМЫШ/КЫРСЫК
    • ШОУ-БИЗНЕС
    • МАДАНИЯТ
    • БийикТикте
    • ЖЫЛДЫЗ ТӨЛГӨ
    • ЖУБАЙЛАР ШОУ
    • ЖҮРӨК СЫРЫ
    • ЖЫЛАӉАЧ БААТЫР
    • СПОРТ
    • ЖЫЛМАЙЫП КОЮӉУЗ
    • АР ТҮРКҮН
    • ЭМГЕК ЖАРЧЫСЫ
    • СЕРИАЛДАР
  • КАБАРЛАР
    • САЯСАТ
    • КООМ
    • МАДАНИЯТ, ШОУ-БИЗНЕС
    • КЫЛМЫШ, КЫРСЫКТАР
    • СПОРТ
    • ТҮРКҮН ДҮЙНӨ
    • КОРЕЙ ТОЛКУНУ
    • ПАЙДАЛУУ КЕӉЕШТЕР
No Result
Бардык жыйынтык
  • Кирүү
  • Каттоо
 SerepKG
  • СерепТВ
    • ЖАҢЫЛЫКТАР
    • САЯСИЙ КОКТЕЙЛЬ
    • КООМ/ТАГДЫР
    • КЫЛМЫШ/КЫРСЫК
    • ШОУ-БИЗНЕС
    • МАДАНИЯТ
    • БийикТикте
    • ЖЫЛДЫЗ ТӨЛГӨ
    • ЖУБАЙЛАР ШОУ
    • ЖҮРӨК СЫРЫ
    • ЖЫЛАӉАЧ БААТЫР
    • СПОРТ
    • ЖЫЛМАЙЫП КОЮӉУЗ
    • АР ТҮРКҮН
    • ЭМГЕК ЖАРЧЫСЫ
    • СЕРИАЛДАР
  • КАБАРЛАР
    • САЯСАТ
    • КООМ
    • МАДАНИЯТ, ШОУ-БИЗНЕС
    • КЫЛМЫШ, КЫРСЫКТАР
    • СПОРТ
    • ТҮРКҮН ДҮЙНӨ
    • КОРЕЙ ТОЛКУНУ
    • ПАЙДАЛУУ КЕӉЕШТЕР
No Result
Бардык жыйынтык
  • Кирүү
  • Каттоо
 SerepKG
No Result
Бардык жыйынтык
Башкы бет КАБАРЛАР КООМ

1-апрелден тартып медицина тармагынын кызматкерлеринин маянасы 100% көтөрүлөт

11:38 21.03.2026
0
1-апрелден тартып медицина тармагынын кызматкерлеринин маянасы 100% көтөрүлөт
1-апрелден тартып медицина тармагынын кызматкерлеринин эмгек маяналары 100% көтөрүлөт. Бул тууралуу президенттин басма сөз катчысы Аскат Алагөзов соцтармактагы баракчасы аркылуу билдирди.

«Президент Садыр Жапаров буга чейин мамлекет дарыгерлерге колдоо болоорун, алардын эмгек маяналары көтөрүлөрүн айтканын жакшы билесиздер. Учурда бул багыттагы иш ырааттуу жүрүп, ооруканалардагы медицина кызматкерлеринин тартыштыгын чечүү, медициналык мекемелерге жүктү азайтуу боюнча иштер жүрүүдө.

Калктын саламаттыгына кам көрүүдө дарыгерлердин ролун жогору баалоо менен, мамлекет башчысы дарыгерлердин социалдык абалын жакшыртуу максатында Мамлекеттик ипотекалык компания аркылуу жеңилдетилген шарт менен ипотекага батирлерди берүүдө медицина тармагынын кызматкерлерине артыкчылык берүү боюнча тийиштүү тапшырмаларды да бергенин айта кетейин.

Медициналык окуу жайды бүтүрүп, ишке жаңы келген жаш дарыгерлер бүгүнкү күндө 13 581 сом алса, апрель айынан баштап колуна 35 248 сом алышат. Эң төмөнкү алган айлыктардын өсүүсүн көрсөтүү үчүн жаш дарыгердин айлыгын мисалга тарттым. Албетте, эмгек тажрыйбасы мол дарыгерлердин апрелден кийинки эмгек маянасы ошого жараша көп болот. Башкача айтканда, “стаж үчүн” деген сыяктуу кошумча төлөмдөр жоюлбайт. Мындан тышкары, алыскы тоолуу райондорго иштөөгө даяр дарыгерлердин айлыгы кошумча орточо эсеп менен дагы 30%га көбөйөт. Ошондой эле «Дарыгердин депозити» программасы боюнча мамлекет бүгүнкү күндө дарыгерлерге кварталына 66 000 сомдон төлөп берет. Жаш дарыгерлер талап кылынган адистиктер боюнча (педиатр, неонатолог, анестезиолог, реаниматолог, жалпы хирургия боюнча дарыгер) иштегени келсе, аларга ай сайын 20 000 сомдон кошумча төлөнүп берилет.

Ошондой эле бүгүнкү күндө өлкөдө иштеген 28 миң медайымдын айлык акысы 8541 сомдон 29053 сомго чейин, же үч эсеге көтөрүлөт. Бул — бийик тоолуу жана алыскы аймактарда иштегендиги үчүн кошумча төлөмдөр менен үстөктөрдү эсепке албаганда. 

Учурда өлкө боюнча медициналык мекемелерде медициналык билими бар ар кыл багыттагы дарыгерлер талап кылынууда. Алардын жалпы саны — 1596. Төмөндө сүрөттө кайсыл аймакта канча дарыгер талап кылынары көрсөтүлгөн.

Эгер сиз медициналык окуу жайды жакында эле бүтүп, азыр иш издеп жүрсөңүз, же буга чейин медицианлык мекемеде иштеп жүрүп кайсыл бир себептер менен иштен кетип, азыр кайрадан медицина тармагында ишиңизди улантууну кааласаңыз, анда өзүңүз жашаган жактагы ооруканага кайрылыңыздар. Ал жактан бош орундар боюнча кенен маалымат алып, ишке орношуу мүмкүнчүлүгүңүз бар», — деп жазылат билдирүүдө.
БөлүшүүБөлүшүүTweetЖиберүүБөлүшүүБөлүшүү
СЕРЕП МЕДИА

СЕРЕП МЕДИА

Окшош

Ош шаарынын борбордук мечити 5 миң кишиге ылайыкталып жаңыдан курулат

Ош шаарынын борбордук мечити 5 миң кишиге ылайыкталып жаңыдан курулат

Автор СЕРЕП МЕДИА
11:45 21.03.2026
0

Кечээ, 20-март күнү Ош шаарындагы «Имам аль Бухарий – Алай» атындагы борбордук мечитте окулган айт намаз алкагында, жаңыдан курулуучу мечиттин...

Садыр Жапаров иш сапары менен Нарынга барат

Садыр Жапаров иш сапары менен Нарынга барат

Автор СЕРЕП МЕДИА
10:35 21.03.2026
0

Президент Садыр Жапаров бүгүн, 21-мартта бир күндүк иш сапары менен Нарын облусуна барат. Сапардын алкагында мамлекет башчысы жаӊыланууну, биримдикти жана...

ИИМ Айт намаз учурунда коомдук тартипти жана коопсуздукту камсыздады

ИИМ Айт намаз учурунда коомдук тартипти жана коопсуздукту камсыздады

Автор СЕРЕП МЕДИА
10:21 20.03.2026
0

Кыргыз Республикасында майрамдык Айт намаз болуп, миңдеген адамдар намаз окууга чогулду. Коомдук тартипти жана коопсуздукту 12 миңден ашуун ички иштер...

Төрага Марлен Маматалиев эски аянтта уюштурулган Орозо айт намазына катышты

Төрага Марлен Маматалиев эски аянтта уюштурулган Орозо айт намазына катышты

Автор СЕРЕП МЕДИА
10:12 20.03.2026
0

Жогорку Кеңештин төрагасы Марлен Маматалиев президент Садыр Жапаров баштаган жетекчилер, дин аалымдары жана мекендештер менен бирге Орозо айт намазын окуду....

Ош облусунда 425 мечитте Орозо айт намазы окулду

Ош облусунда 425 мечитте Орозо айт намазы окулду

Автор СЕРЕП МЕДИА
10:04 20.03.2026
0

Бүгүн, 20-март күнү Ош облусунда ыйык Орозо айт майрамына карата айт намазы окулду. Облустун аймагындагы жалпы 425 мечитте уюштурулган айт...

Комментарий кошуу Отменить ответ

Сиздин email дарек жашыруун бойдон калат. * - сөзсүз толтурулушу керек

  • Популярдуу
  • Комментарийлер
  • Жаңы
1-апрелден тартып медицина тармагынын кызматкерлеринин маянасы 100% көтөрүлөт

1-апрелден тартып медицина тармагынын кызматкерлеринин маянасы 100% көтөрүлөт

11:38 21.03.2026
Садыр Жапаров иш сапары менен Нарынга барат

Садыр Жапаров иш сапары менен Нарынга барат

10:35 21.03.2026
Ош шаарынын борбордук мечити 5 миң кишиге ылайыкталып жаңыдан курулат

Ош шаарынын борбордук мечити 5 миң кишиге ылайыкталып жаңыдан курулат

11:45 21.03.2026
Ош шаарынын борбордук мечити 5 миң кишиге ылайыкталып жаңыдан курулат

Ош шаарынын борбордук мечити 5 миң кишиге ылайыкталып жаңыдан курулат

11:45 21.03.2026
1-апрелден тартып медицина тармагынын кызматкерлеринин маянасы 100% көтөрүлөт

1-апрелден тартып медицина тармагынын кызматкерлеринин маянасы 100% көтөрүлөт

11:38 21.03.2026
Садыр Жапаров иш сапары менен Нарынга барат

Садыр Жапаров иш сапары менен Нарынга барат

10:35 21.03.2026

АРХИВ

Март 2026
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 1
2345678
9101112131415
16171819202122
23242526272829
3031  
« Фев    
Посмотреть на карте Бишкека
Найти проезд до СерепТВ , информационный портал

Биздин дарек:
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары.

Коёнкөзов көчөсү, 75

Кеӊсе
+996 (770) 88-29-00
info@serep.kg

Реклама бөлүмү
+996 (222) 88-29-29
reklama@serep.kg

Биз социалдык тармакта

Купуялык саясаты

©2021 СЕРЕП МЕДИА. Бардык укуктар корголгон.

No Result
Бардык жыйынтык
  • Кирүү
  • Каттоо
  • СерепТВ
    • ЖАҢЫЛЫКТАР
    • КООМ/ТАГДЫР
    • КЫЛМЫШ/КЫРСЫК
    • САЯСИЙ КОКТЕЙЛЬ
    • ШОУ-БИЗНЕС
    • МАДАНИЯТ
    • БийикТикте
    • ЖЫЛДЫЗ ТӨЛГӨ
    • ЖУБАЙЛАР ШОУ
    • ЖЫЛМАЙЫП КОЮӉУЗ
    • СПОРТ
    • АР ТҮРКҮН
    • ЖҮРӨК СЫРЫ
    • ЖЫЛАӉАЧ БААТЫР
    • СЕРИАЛДАР
    • ЭМГЕК ЖАРЧЫСЫ
  • КАБАРЛАР
    • САЯСАТ
    • КООМ
    • МАДАНИЯТ, ШОУ-БИЗНЕС
    • КЫЛМЫШ, КЫРСЫКТАР
    • СПОРТ
    • ТҮРКҮН ДҮЙНӨ
    • КОРЕЙ ТОЛКУНУ
    • ПАЙДАЛУУ КЕӉЕШТЕР
  • Жарнама
  • Байланыш

©2026 СЕРЕП МЕДИА. Бардык укуктар корголгон.

Кош келдиңиз!

Төмөндө сиздин эсебине кирүү

Сыр сөзүңүздү унуттуңузбу? Каттоо

Аккаунт түзүү

Катталуу үчүн төмөнкүлөрдү толтуруӊуз

Баарын толтуруӊуз. Кирүү

Retrieve your password

Please enter your username or email address to reset your password.

Кирүү