Академик Жамин Акималиев 90 жашында дүйнөдөн кайтты
Кыргызстандын агрардык илими жана айыл чарба тармагы оор жоготууга учурады. 6-ноябрда 90 жаш курагында көрүнүктүү окумуштуу, мамлекеттик жана коомдук ишмер, айыл чарба илимдеринин доктору, профессор, Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясынын академиги Жамин Акималиевич Акималиев дүйнөдөн кайтты.
Жамин Акималиевич кыргыз агрардык илиминин өнүгүшүнө жана өлкөнүн айыл чарба тармагынын калыптанышына зор салым кошкон залкар окумуштуу, тажрыйбалуу жетекчи жана өз ишинин чыныгы устаты болгон. Ал бүтүндөй өмүрүн илимге, элине жана мамлекетине кызмат кылууга арнап, өзүнүн көп жылдык үзүрлүү эмгеги менен өлкөнүн илимий дараметин чыңдоого, агрардык өндүрүштү өркүндөтүүгө жана илим менен практиканын байланышын бекемдөөгө өзгөчө салым кошкон. Академиктин илимий ишмердиги өсүмдүк өстүрүүчүлүк, топурак таануу, сугат дыйканчылыгы, үрөнчүлүк жана айыл чарба өсүмдүктөрүнүн түшүмдүүлүгүн жогорулатуу багыттарын камтыган. Айрыкча кант кызылчасын өстүрүүнүн илимий негизделген технологияларын иштеп чыгууга, агротехникалык ыкмаларды өркүндөтүүгө жана айыл чарба өндүрүшүнүн натыйжалуулугун арттырууга багытталган изилдөөлөрү өзгөчө мааниге ээ. Анын 200дөн ашуун илимий эмгеги, анын ичинде 15 монографиясы кыргыз агрардык илиминин баалуу мурасы болуп калды.
Жамин Акималиевич илимий ишмердиги менен катар мамлекеттик башкаруу жана билим берүү тармактарында да жооптуу кызматтарды аркалаган. Кыргыз ССРинин айыл чарба министринин биринчи орун басары, К.И. Скрябин атындагы Кыргыз айыл чарба институтунун ректору, Кыргыз агрардык академиясынын президенти, Кыргыз дыйканчылык илимий-изилдөө институтунун директору болуп эмгектенген. Ошондой эле өлкөнүн мыйзам чыгаруу органында депутаттык милдеттерди аткарып, айыл чарба тармагынын жана илим-билим системасынын өнүгүшүнө кызмат кылган.
Анын көп жылдык эмгеги өлкө ичинде гана эмес, эл аралык илимий коомчулукта да жогору бааланган. Жамин Акималиевич В.И. Ленин атындагы Бүткүл союздук айыл чарба илимдер академиясынын (ВАСХНИЛ) академиги, Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясынын академиги, Россия Илимдер академиясынын чет өлкөлүк мүчөсү болгон. Ага Кыргыз Республикасынын айыл чарбасына эмгек сиңирген кызматкери, Кыргыз ССРинин илимге эмгек сиңирген ишмери деген ардактуу наамдар ыйгарылган.
Мамлекетке жана илимге сиңирген өзгөчө эмгеги үчүн Кыргыз ССРинин илим жана техника жаатындагы Мамлекеттик сыйлыгына татыган. Ошондой эле III даражадагы «Манас», Ленин, Октябрь революциясы жана эки ирет Эмгек Кызыл Туу ордендери менен сыйланган.