Эртең, 1-августта түнкүсүн Чүй, Ош, Жалал-Абад, Ысык-Көл, Нарын облустарынын айрым жерлеринде кыска мөөнөттүү жаан жаап, күн күркүрөйт.
Күндүз Чүй, Ош, Ысык-Көл облустарынын көпчүлүк аймактарында, Талас, Жалал-Абад, Баткен, Нарын облустарынын айрым жерлеринде кыска мөөнөттүү жаан жаап, күн күркүрөйт.
Абанын температурасы:
Чүй облусунда түнкүсүн +14…+19, күндүз +31…+36
Талас облусунда түнкүсүн +11…+16, күндүз +28…+33
Баткенде түнкүсүн +17…+21, күндүз +30…+35
Ош, Жалал-Абад облустарында түнкүсүн +17…+22, күндүз +30…+35
Ысык-Көл облусунда түнкүсүн +11…+16, күндүз +23…+28
Нарында түнкүсүн +10…+15, күндүз +24…+29
Бишкекте түнкүсүн +16…+19, күндүз +32…+34 градус болот.









