Бишкектеги «Кыргыз телекомдун» имараты сатыкка коюлду. 1 миллиард 557 миллион сомго бааланды. Тарыхый имараттын аукционго коюлганын компаниядан билдиришти.
«Аны сатуунун негизги максаты — компаниянын ресурстарын сарамжалдуу пайдалануу. Чыгымдарды оптималдаштыруу жана өлкөнүн телекоммуникациялык инфраструктурасын өнүктүрүүгө салым кошуу«, — деп жазылат маалыматта.
«Кыргыз телеком» ААКсы жер төлөнү, 4 жана 5-кабаттарды өзүнө калтырат. Көз карандысыз стрейч компания имаратты 1 миллиард 556 миллион 906 миң сомго баалаган.
«Учурда имаратта борбордук аппараттын 315 гана кызматкери иштейт, алар аянттын 36,6 пайызын гана колдонот. Объекттин үчтөн экиси бош калат же ижарага берилет. Имарат көптөн бери модернизациялоого муктаж. Ал жакта жылытуу, кондиционер, желдетүү жана электр тармактары эскирип, алмаштырууну талап кылат. Ал эми имаратты күтүүгө жыл сайын 20 миллион сомго жакын каражат коротулат. Бул бюджетке олуттуу оорчулук келтирет», — деп белгиледи компания.
Компания ошондой эле бүтүм «Айыл Банк» ААК менен түзүлөрүн, бул объекттин мамлекеттин менчигинде сакталышын камсыздай турганын кошумчалады.