Abank_nov
SerepTV Logo

Өлкөдө биринчи жолу электродсуз кардиостимулятор имплантацияланды

Өлкөдө биринчи жолу электродсуз кардиостимулятор имплантацияланды
 
Бишкекте академик М. Миррахимов атындагы Улуттук кардиология жана терапия борборунда француз адистеринин катышуусунда эл аралык мастер-класс өтүп, анын алкагында кардиостимуляциянын алдыңкы технологиялары көрсөтүлүп, өлкөдө биринчи жолу электродсуз кардиостимулятор имплантацияланды.

Бул технология бейтаптарды дарылоодо, анын ичинде салттуу кардиостимуляция системаларын колдонуу кыйынчылык жараткан учурларда кошумча мүмкүнчүлүктөрдү ачат. Иш-чаранын маанилүү учурларынын бири — Саламаттыкты сактоо министри Дамир Осмоновдун Жорж Помпиду атындагы Европа ооруканасынын (HEGP–AP-HP) француз эксперти, профессору Элуа Марижон менен биргеликте кардиостимуляторду имплантациялоо процедурасына түздөн-түз катышуусу болду.

Практикалык сессия Live Cases форматында өтүп, рентгеноперациялык бөлмөдөн түз эфирде көрсөтүүнү, төрт клиникалык учурду сунуштоону, кардиостимуляторду имплантациялоо процессин реалдуу убакыт режиминде көрсөтүүнү жана эксперттер менен интерактивдүү талкууну камтыды. Конференцияга ошондой эле Франция Республикасынын Кыргыз Республикасындагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу элчиси Николя Фай, Abbott эл аралык компаниясынын өкүлдөрү, кардиология жана аритмология тармагындагы ата мекендик адистер катышты.
SEREP MEDIA