1-октябрдан тарта «Коопсуз өлкө» долбоорунун алкагында коопсуздук курун тагынбаган айдоочу жана жүргүнчүлөрдү автоматтык түрдө аныктала баштайт. Бул тууралуу ИИМдин Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкармалыгынан билдиришти.
Жол кыймылынын коопсуздугун камсыз кылуу, жол кыймылынын катышуучуларынын жүрүм-турум маданиятын жогорулатуу жана укук бузуулардын алдын алуу максатында, 2025-жылдын 1-октябрынан тарта «Коопсуз өлкө» долбоорунун алкагында орнотулган аппараттык-программалык комплекстер (АПК) унаа ичинде коопсуздук курун тагынбаган айдоочу жана жүргүнчүлөрдү фото-видео байкоо аркылуу аныктап баштайт.
Аталган эреже бузууларга башка эреже бузуу фактыларындай эле айып пул салынат.







