Эртең, 1-октябрда Чүй, Талас, Жалал-Абад, Ысык-Көл, Нарын облустарынын көпчүлүк аймактарында, Ош облусунун тоо этектеринде жана тоолуу райондорунда, Баткен облусунун тоолуу райондорунда жаан, кар жаайт.
Абанын температурасы:
Чүй облусунда түнкүсүн +5…+10, күндүз +10…+15;
Талас жергесинде түнкүсүн +4…+9, күндүз +9…+14;
Ош, Жалал-Абад аймактарында түнкүсүн +11…+16, күндүз +22…+27;
Баткен облусунда түнкүсүн +9…+14, күндүз +21…+26;
Ысык-Көл дубанында түнкүсүн +5…+10, күндүз +15…+20;
Нарын облусунда түнкүсүн +3…+8, күндүз +17…+22 градус болот.
Бишкек шаарында күндүз жаан жаайт. Абанын температурасы түнкүсүн +7…+9°, күндүз +12…+14° болот.










