Жума, 25.07.2025
Бишкек booked.net
+20...+40° C
  • Жарнама
  • Байланыш
 SerepKG
Биз социалдык тармакта
  • СерепТВ
    • ЖАҢЫЛЫКТАР
    • САЯСИЙ КОКТЕЙЛЬ
    • КООМ/ТАГДЫР
    • КЫЛМЫШ/КЫРСЫК
    • ШОУ-БИЗНЕС
    • МАДАНИЯТ
    • БийикТикте
    • ЖЫЛДЫЗ ТӨЛГӨ
    • ЖУБАЙЛАР ШОУ
    • ЖҮРӨК СЫРЫ
    • ЖЫЛАӉАЧ БААТЫР
    • СПОРТ
    • ЖЫЛМАЙЫП КОЮӉУЗ
    • АР ТҮРКҮН
    • ЭМГЕК ЖАРЧЫСЫ
    • СЕРИАЛДАР
  • КАБАРЛАР
    • САЯСАТ
    • КООМ
    • МАДАНИЯТ, ШОУ-БИЗНЕС
    • КЫЛМЫШ, КЫРСЫКТАР
    • СПОРТ
    • ТҮРКҮН ДҮЙНӨ
    • КОРЕЙ ТОЛКУНУ
    • ПАЙДАЛУУ КЕӉЕШТЕР
No Result
Бардык жыйынтык
  • Кирүү
  • Каттоо
 SerepKG
  • СерепТВ
    • ЖАҢЫЛЫКТАР
    • САЯСИЙ КОКТЕЙЛЬ
    • КООМ/ТАГДЫР
    • КЫЛМЫШ/КЫРСЫК
    • ШОУ-БИЗНЕС
    • МАДАНИЯТ
    • БийикТикте
    • ЖЫЛДЫЗ ТӨЛГӨ
    • ЖУБАЙЛАР ШОУ
    • ЖҮРӨК СЫРЫ
    • ЖЫЛАӉАЧ БААТЫР
    • СПОРТ
    • ЖЫЛМАЙЫП КОЮӉУЗ
    • АР ТҮРКҮН
    • ЭМГЕК ЖАРЧЫСЫ
    • СЕРИАЛДАР
  • КАБАРЛАР
    • САЯСАТ
    • КООМ
    • МАДАНИЯТ, ШОУ-БИЗНЕС
    • КЫЛМЫШ, КЫРСЫКТАР
    • СПОРТ
    • ТҮРКҮН ДҮЙНӨ
    • КОРЕЙ ТОЛКУНУ
    • ПАЙДАЛУУ КЕӉЕШТЕР
No Result
Бардык жыйынтык
  • Кирүү
  • Каттоо
 SerepKG
No Result
Бардык жыйынтык
Башкы бет КАБАРЛАР КООМ

1-сентябрдан тарта жол эрежесин бузган айдоочулардан жол эрежелерин суроо процедурасы башталат

09:15 24.03.2025
2
1-сентябрдан тарта жол эрежесин бузган айдоочулардан жол эрежелерин суроо процедурасы башталат

Президент Садыр Жапаровдун тапшырмасына ылайык, ушул жылдын 1-сентябрынан тарта жол эрежесин бузган айдоочулар үчүн токтотулган жерден жол эрежелерин суроо процедурасы башталат. Бул тууралуу президенттин маалымат катчысы Аскат Алагозов билдирди.

Маалыматка караганда, жол эрежелерин билбей калган айдоочунун ошол замат айдоочулук күбөлүгү алынып, “Унаа” мекемесине убактылуу жөнөтүлөт. Айдоочулук күбөлүгүнөн ажыратылбайт.

Айдоочу каалаган убактысында “Унаа” мекемесине барып, жол эрежелери боюнча кайрадан сынактан өтсө, айдоочулук күбөлүгү дароо кайтарылып берилет. Сынактан өтпөсө, кийинкиге калтырылат. Качан гана айдоочу жол эрежелерин жаттап, сынактан өткөндөн кийин күбөлүгү кайтарылып берилет.

Мындай иш-чара эмне себептен башталганы турат?

«90-жылдардан кийин көпчүлүк адамдар айдоочулук күбөлүктү окубастан туруп эле алып алган учурлар арбын болгон. Көпчүлүгүбүз эле сатып алганыбызды моюнга алышыбыз керек. 20-30 пайызы эле окуп алган болушу мүмкүн. 2020-жылга чейин айдоочулук күбөлүк 15-20 миңден сатылып келгени жалпы маалым. Азыр эми бул көрүнүш кан буугандай токтоп, элдин баары айдоочулук күбөлүктү чындап окуп ала баштады.

Тилекке каршы, учурда бизде жол кырсыгы көп катталып жатат. Жол кырсыгына себеп болгон айдоочулардын көпчүлүгү эреже билбей, айдоочулук күбөлүктү сатып алгандар болуп чыгууда. Жол эрежесиндеги беш эле белгини көрсөтсөң, бешөөнү тең билбегендер четтен чыгат. Статистикалык сандарды мисал келтирбей эле коеюн. Жол кырсыгынан каза тапкан мекендештерибиздин саны жүздөп саналат. Көбүнчө дал ушул эреже билбегендердин айынан айрымдары жетим, айрымдары алмончоктой уул кыздарынан айрылып, ичтеринен кан өтүп, жер муштап отуруп калып жатышат. Дагы канчасы майып болуп калууда?!

Ошондуктан президентибиз 1-сентябрга чейин ички иштер министри менен “Унаа” мекемесинин жетекчисине бул багытта иш-аракеттер планын иштеп чыгууга тапшырма берди. Алдын ала маалымат боюнча, айдоочу биринчи жолу кайра тапшырууга жөнөтүлгөндө, сынак үчүн 500 сом, ошол эле айдоочу экинчи жолу сынак тапшырууда өтпөй калып, экинчи жолу кайра келсе 1000 сом, үчүнчү жолу тапшырууга келсе, 2000 сом төлөйт. Үчүнчү жолу дагы кулап калса, анда төртүнчү жолу сынак тапшыруу айдоочунун капчыгына 4000 сомго турат. Бул механизм айдоочулардын сынакка жакшылап даярдануусуна түрткү болсун деген максат менен иштелип чыкмакчы.

Алдыбызда 1-сентябрга чейин дагы 5 ай убакыт бар. Жол эрежелерин тиешелүү деңгээлде билбегендер, өтүнүч, жаттай баштагыла. 1-сентябрдан баштап айдоочулук күбөлүгүңөр “Унаа” мекемесине жөнөтүлө баштаса, нааразы болбоңуздар.

Бул процедуранын баары видеожазуулар менен коштолот. Биринчиден, эч ким МАИ инспекторлорун күнөөлөй алышпайт. Экинчиден, жол эрежесин билбегендер, өздөрү эле уят болушат. Ошондуктан бүгүнтөн баштап, 5 ай бою жол эрежелерин жаттай баштайлы, мекендештер. Ар бир адамдын өмүрү, ден соолугу үчүн жоопкерчиликти сезе билели»,- деп айтылат маалыматта.

БөлүшүүБөлүшүүTweetЖиберүүБөлүшүүБөлүшүү
Эдита Ильясова

Эдита Ильясова

Окшош

25-июлга карата өлкөдө күтүлгөн аба ырайы

25-июлга карата өлкөдө күтүлгөн аба ырайы

Автор Эдита Ильясова
17:54 24.07.2025
0

25-июлга караган түнү өлкөдө жаан-чачын күтүлбөйт. Күндүз Ысык-Көл, Нарын облустарынын айрым жерлеринде, Чүй, Ош, Баткен облустарынын тоолуу райондорунда кыска мөөнөттүү...

«Балдарын мектеп, бала бакчага ташыбайсыңар». Жеңишбек Токторбаев мэриянын гаражына барды (видео)

«Балдарын мектеп, бала бакчага ташыбайсыңар». Жеңишбек Токторбаев мэриянын гаражына барды (видео)

Автор Эдита Ильясова
17:33 24.07.2025
0

Ош шаарынын мэри Жеңишбек Токторбаев бүгүн мэриянын автогаражына барды. Калаа башчысы унаа токтотуучу жайдын шартын жана жаңы алынган унаалардын тазалыгын,...

«Эмне жүрөсүңөр?» Транспорт министри Нарын-Баетов жолун 10 күндө бүтүрүүнү тапшырды

«Эмне жүрөсүңөр?» Транспорт министри Нарын-Баетов жолун 10 күндө бүтүрүүнү тапшырды

Автор Эдита Ильясова
15:12 24.07.2025
0

Транспорт жана коммуникациялар министри Абсаттар Сыргабаев Нарын облусуна болгон иш сапарынын алкагында Нарын-Баетов унаа жолундагы курулуш иштерин текшерди. Бул тууралуу...

Жалал-Абадда эс алуу жайындагы соода күркөлөр буздурулуп жатат

Жалал-Абадда эс алуу жайындагы соода күркөлөр буздурулуп жатат

Автор Эдита Ильясова
15:07 24.07.2025
0

Жалал-Абад шаарынын мэри Эрнисбек Ормоковдун тапшырмасы менен Токтогул эс алуу багындагы соода күркөлөрү, тез татым жайлары толук буздурулууда. Бул тууралуу...

Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын ачылышы менен жабылышы Бишкектеги жаңы стадиондо өтөт

Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын ачылышы менен жабылышы Бишкектеги жаңы стадиондо өтөт

Автор Эдита Ильясова
14:10 24.07.2025
0

VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын ачылышы менен жабылышы Бишкектеги жаңы стадиондо өтөрүн маданият министри маалымат жыйында билдирди. Маалыматка караганда, оюндун негизги...

Комментарийлер 2

  1. Камчыбек says:
    4 месяца ago

    Жапаров көп элге жек көрүндү болуп согүү жейт.

    Андан да чириген гаилерге коррупцияга эшигин чоооң ачып берип жатат. карапайым элдин канын сорот. Шашып аркандай иштери менен барат айдоочунун колун кармап, правила билсе дагы чирип сасып тура берет .
    Бул Мыйзамын артка кайтара берсин азыр эле.

    Ответить
  2. kamcybekesenbaev308@gmail.com says:
    4 месяца ago

    Ошо

    Ответить

Комментарий кошуу Отменить ответ

Сиздин email дарек жашыруун бойдон калат. * - сөзсүз толтурулушу керек

  • Популярдуу
  • Комментарийлер
  • Жаңы
«Отуруп чыккансыз, ээ?». Камчыбек Ташиев Жалал-Абаддагы аткаминерди чочутту

"Отуруп чыккансыз, ээ?". Камчыбек Ташиев Жалал-Абаддагы аткаминерди чочутту

10:39 24.07.2025
Нарында автобустун тормозу кармабай калып, 1 адам каза болду

Нарында автобустун тормозу кармабай калып, 1 адам каза болду

10:23 24.07.2025
Франциянын президенти «Макрондун аялы эркек болуп төрөлгөн» деген блогерди сотко берди

Франциянын президенти "Макрондун аялы эркек болуп төрөлгөн" деген блогерди сотко берди

12:40 24.07.2025
25-июлга карата өлкөдө күтүлгөн аба ырайы

25-июлга карата өлкөдө күтүлгөн аба ырайы

17:54 24.07.2025
«Балдарын мектеп, бала бакчага ташыбайсыңар». Жеңишбек Токторбаев мэриянын гаражына барды (видео)

"Балдарын мектеп, бала бакчага ташыбайсыңар". Жеңишбек Токторбаев мэриянын гаражына барды (видео)

17:33 24.07.2025
Бишкек менен Ошто мыйзамдарды одоно бузган 78 жеке клиника убактылуу жабылды

Бишкек менен Ошто мыйзамдарды одоно бузган 78 жеке клиника убактылуу жабылды

16:39 24.07.2025

АРХИВ

Июль 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 123456
78910111213
14151617181920
21222324252627
28293031  
« Июн    
Посмотреть на карте Бишкека
Найти проезд до СерепТВ , информационный портал

Биздин дарек:
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары.

Коёнкөзов көчөсү, 75

Кеӊсе
+996 (770) 88-29-00
info@serep.kg

Реклама бөлүмү
+996 (222) 88-29-29
reklama@serep.kg

WWW.NET.KG

Биз социалдык тармакта

Купуялык саясаты

©2025 СЕРЕП МЕДИА. Бардык укуктар корголгон.

No Result
Бардык жыйынтык
  • Кирүү
  • Каттоо
  • СерепТВ
    • ЖАҢЫЛЫКТАР
    • КООМ/ТАГДЫР
    • КЫЛМЫШ/КЫРСЫК
    • САЯСИЙ КОКТЕЙЛЬ
    • ШОУ-БИЗНЕС
    • МАДАНИЯТ
    • БийикТикте
    • ЖЫЛДЫЗ ТӨЛГӨ
    • ЖУБАЙЛАР ШОУ
    • ЖЫЛМАЙЫП КОЮӉУЗ
    • СПОРТ
    • АР ТҮРКҮН
    • ЖҮРӨК СЫРЫ
    • ЖЫЛАӉАЧ БААТЫР
    • СЕРИАЛДАР
    • ЭМГЕК ЖАРЧЫСЫ
  • КАБАРЛАР
    • САЯСАТ
    • КООМ
    • МАДАНИЯТ, ШОУ-БИЗНЕС
    • КЫЛМЫШ, КЫРСЫКТАР
    • СПОРТ
    • ТҮРКҮН ДҮЙНӨ
    • КОРЕЙ ТОЛКУНУ
    • ПАЙДАЛУУ КЕӉЕШТЕР
  • Жарнама
  • Байланыш

©2025 СЕРЕП МЕДИА. Бардык укуктар корголгон.

Кош келдиңиз!

Төмөндө сиздин эсебине кирүү

Сыр сөзүңүздү унуттуңузбу? Каттоо

Аккаунт түзүү

Катталуу үчүн төмөнкүлөрдү толтуруӊуз

Баарын толтуруӊуз. Кирүү

Retrieve your password

Please enter your username or email address to reset your password.

Кирүү