1-январдан баштап тоолуу жана жетүүгө кыйын аймактардагы 3 жашка чейинки балдарга ай сайын 3000 сомдон төлөнөт. Токтомго Министрлер кабинетинин төрагасы кол койду.
«Бийик тоолуу аймактардын жашоочуларына көмөк» жөлөкпулунун өлчөмү — бийик тоолуу жана жетүүсү кыйын аймактарда, өзгөчө макамы бар чек арадагы калктуу конуштарда жашаган үй-бүлөлөргө үчүнчү жана андан кийинки баласы төрөлгөн учурдан тартып, 3 жашка чыкканга чейин айына 3000 (үч миң) сом өлчөмүндө төлөнөт.
Финансы министрлигине каражатты өз убагында бөлүп берүүнү камсыз кылуу тапшырылды. Бул токтом 2026-жылдын 1-январынан тартып күчүнө кирет.








