10-11-декабрда Кыргызстандын аймагында абанын температурасы акырындык менен төмөндөй турганын Кыргызгидромет билдирди.
Абанын температурасы:
— Чүй, Талас өрөөндөрүндө түнкүсүн -10…-15°, күндүз -4…-9° чейин;
— Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын өрөөндөрүндө түнкүсүн -6…-11°, күндүз -1…-6°;
— Ысык-Көл ойдуңунда түнкүсүн -12…-17°, күндүз -2…-7° чейин;
— Нарын облусунун дыйканчылык аймактарында түнкүсүн -18…-23°, күндүз -6…-11° чейин;
Республиканын тоо этектеринде түнкүсүн -13…-18°, күндүз -5…-10° чейин;
Бийик тоолуу райондордо түнкүсүн -22…-27°, күндүз -13…-18° чейин;
Суусамыр өрөөнүндө жана бийик тоолуу райондордо түнкүсүн -30…-35°, күндүз -14…-19° чейин.
Мындай туруксуз аба ырайы автотранспорттун, байланыш ишканаларынын, энергетика жана коммуналдык кызматтардын ишин, жайыттарда малды кармоону кыйындатат.