Эртең, 10-декабрга караган түнү Ысык-Көл облусунун айрым жерлеринде кар жаайт, калган аймактарда жаан-чачын күтүлбөйт.
Эртең менен жана күндүз Чүй облусунун айрым жерлеринде бир аз кар жаайт. Күндүз Ысык-Көл облусунун айрым жерлеринде кар жаайт, калган аймактарда жаан-чачын күтүлбөйт. Кээ бир жерлерге туман түшөт.
Абанын температурасы:
Чүй облусунда түнкүсүн -10…-15, күндүз -4…-9,
Талас өрөөнүндө түнкүсүн -11…-16, күндүз -4…-9,
Баткен, Ош, Жалал-Абад аймактарында түнкүсүн -6…-11, күндүз -1…-6,
Ысык-Көл жергесинде түнкүсүн -10…-15, күндүз -2…-7,
Нарын облусунда түнкүсүн -17…-22, күндүз -5…-10.
Бишкекте жаан-чачын күтүлбөйт. Туман түшөт. Абанын температурасы түнкүсүн -11…-13, күндүз -4…-6 градус суук.