Abank_oct
SerepTV Logo

100+ жашка чыккан өлкөдө 178 кары киши жашайт

100+ жашка чыккан өлкөдө 178 кары киши жашайт

Улгайган адамдардын эл аралык күнүнүн алдында Министрлер кабинетинин төрагасынын биринчи орун басары Данияр Амангелдиев Бишкек шаарында жашаган 100 жашка чыккан жарандардан кабар алды. Социалдык фонддун маалыматы боюнча, учурда республикада 100 жаш жана андан жогорку курактагы 178 жаран жашайт.

Алардын ичинен 21 адам Бишкек шаарында жашайт. Иш-чаранын алкагында Данияр Амангелдиев Кичикан Чолиева, Бурул Дүйшалиева жана Ефросинья Соколовадан кабар алды.

Улгайган адамдардын эл аралык күнү жыл сайын 1-октябрда белгиленет. Бул дата улуу муун өкүлдөрүн колдоо, алардын укуктарын жана кызыкчылыктарын коргоо маселелерине, ошондой эле алардын коомду өнүктүрүүгө кошкон салымын таанууга көңүл бурууга багытталган.

SEREP MEDIA