Эртең, 11-апрелде түнкүсүн жана күндүз Ысык-Көлдүн чыгыш тарабында, Нарын облусунда жаан жаап, күн күркүрөп, бийик тоолуу райондордо кар жаайт. Калган аймактарда жаан-чачын болбойт.
Абанын температурасы:
Чүй өрөөнүндө түнкүсүн +6…+11, күндүз +23…+28;
Талас өрөөнүндө түнкүсүн +4…+9, күндүз +23…+28;
Баткен, Ош, Жалал-Абад облустарында түнкүсүн +7…+12, күндүз +24…+29;
Ысык-Көл облусунда түнкүсүн +2…+7, күндүз +14…+19;
Нарын облусунда түнкүсүн 0…+5, күндүз +14…+19.
Бишкек шаарында жаан-чачын болбойт. Абанын температурасы түнкүсүн +9…+11°, күндүз +26…+28° жылуу болот.