Бишкекте 19-декабрда 12 жылдык билим берүү системасына өтүү маселелерине арналган тегерек стол болуп өттү. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлигинен билдиришти.
Тегерек столдун максаты — Кыргызстандын 12 жылдык жалпы орто билим берүүгө өтүү концепциясын жана анын педагогдорду даярдоого тийгизген таасирин талкуулоо, Мамлекеттик билим берүү стандартын, мугалимдердин кесиптик стандарттарын жана педагогикалык ЖОЖдордун билим берүү программаларын реформалоо зарылдыгын кароо болуп саналат.
“Өзөктүү маселе катары мектептеги, мектепке чейинки уюмдагы жана жогорку окуу жайдагы бүтүндөй педагогикалык адистерди даярдоо боюнча жоопкерчиликти жогорулатуу иштери аныкталган. Бүгүн жогорку окуу жайларынын ректорлорун, мектеп директорлорун чакырдык. Эң алдыңкы технологиялардын негизинде Мамлекеттик билим берүү стандартын жана предметтик стандарттарды иштеп чыгалы, аларга шайкеш келген окуу китептерин басып чыгаралы деп жатабыз”, – деди берүү жана илим министри Догдуркүл Кендирбаева.
Иш-чарада мектептик билим берүүнү трансформациялоо шарттарында педагогдорго коюлуучу заманбап талаптарды эске алуу менен аларды даярдоонун сапатын жогорулатуу боюнча жол картасынын долбоорун иштеп чыгуу тууралуу да сөз болду.








