Свердлов райондук ички иштер бөлүмүнүн басма сөз кызматынын билдирүүсүнө караганда, 2012-жылы туулган Усуржанова Айхана Тилековна изделүүдө.
28-ноябрда анын апасы милицияга кайрылган. Анын айтымында, 25-ноябрда кызы Адилет жаңы конушундагы үйүнөн чыгып кеткен бойдон кайтып келген эмес. Азыркы убакка чейин анын кайда экени белгисиз.
Бул факты каттоого алынды.
Белгилери: бою болжол менен 155–160 см, орточо дене түзүлүштө, чачы кара.
Милиция Айхана Усуржанованын кайда экенине байланышкан кандай гана маалымат болбосун төмөнкү номерлерге билдирүүнү суранат: 0(500)-43-28-15 жана 102.









