Эртең, 13-сентябрда Кыргызстандын аймагында түнкүсүн жаан-чачын болбойт. Күндүз Чүй, Ысык-Көл облустарынын айрым жерлеринде, Талас, Жалал-Абад облустарынын тоолуу райондорунда өткүн өтүп, күн күркүрөшү мүмкүн.
Абанын температурасы:
Чүй облусунда түнкүсүн +9…+14, күндүз +28…+33;
Талас жергесинде түнкүсүн +7…+12, күндүз +25…+30;
Ош, Баткен, Жалал-Абад дубандарында түнкүсүн +15…+20, күндүз +30…+35;
Ысык-Көл облусунда түнкүсүн +8…+13, күндүз +22…+27;
Нарын облусунда түнкүсүн +6…+11, күндүз +24…+29;
Бишкек шаарында түнкүсүн жаан жаабайт, күндүз ала булут каптап турат. Жаан-чачын ыктымалдыгы аз. Абанын температурасы түнкүсүн +12…+14°, күндүз +28…+30° жылуу болот.











