Узакка созулган жылуу аба ырайынан кийин 14-апрелден тартып абанын температурасынын төмөндөшү күтүлөт. Бул тууралуу Кыргызгидрометтин метеорологиялык болжолдоо бөлүмүнүн башчысы Нуризат Дооранова билдирди.
Ал белгилегендей, бул жылдын ушул мезгили үчүн табигый жана типтүү көрүнүш. Жазында температура тез-тез өзгөрүп турат.