Эртең, 14-декабрга караган түнү Ош, Ысык-Көл, Нарын облустарынын көпчүлүк аймактарында, Чүй, Жалал-Абад облустарынын айрым жерлеринде кар жаайт, Талас, Баткен облустарында жаан-чачын күтүлбөйт.
Күндүз Ош облусунун тоолуу райондорунда кар жаайт, калган аймактарда жаан-чачын күтүлбөйт.
Абанын температурасы:
Чүй өрөөнүндө түнкүсүн -20…-25, күндүз -8…-13,
Талас облусунда түнкүсүн -20…-25, күндүз -6…-11,
Баткен, Ош, Жалал-Абад аймактарында түнкүсүн -7…-12, күндүз -3…+2,
Ысык-Көл облусунда түнкүсүн -12…-17, күндүз -1…-6,
Нарын облусунда түнкүсүн -19…-24, күндүз -7…-12.
Бишкек шаарында жаан-чачын күтүлбөйт. Түнкүсүн жана эртең менен туман түшүшү мүмкүн. Абанын түнкү төмөнкү температурасы -20…-22, күндүз -8…-10 градус суук болушу күтүлөт.