Кечээ, 15-мартта Манас эл аралык аэропортуна 142 Кыргыз жараны менен Сауд Арабия Падышалыгынан учуп келген учак ийгиликтүү келип конгон. Буга чейин маалымдалгандай, биринчи этапта Кувейт, Бахрейн жана Катарда жүргөн Кыргыз жарандары атайын автобустар менен Эр-Рияд шаарына жеткирилген. Министрлик кооптуу аймактардан жарандарды мекенине кайтаруу боюнча көрүлүп жаткан чаралар тууралуу кошумча маалымат берип турат. Ошондой эле Кыргыз жарандарын кырдаал толук турукташканга чейин аталган өлкөлөргө убактылуу баруудан карманууга дагы бир ирет чакырат.
Кыргыз эл жазуучусу Кеңеш Жусупов акыркы сапарга узатылды
Кечээ, 15-мартта “Кыргыз Республикасынын Эмгек Баатыры”, Кыргыз эл жазуучусу, Токтогул атындагы мамлекеттик сыйлыктын лауреаты Кеңеш Жусупов акыркы сапарга узатылды. Узатуу...









