Энергетика министрлиги маалымат таратып, энергетика министри Таалайбек Ибраев татарстандык «Тармактык компания» АКнын башкы директору Илшат Фардиев менен эки тараптуу жолугушуу өткөргөнүн билдирди.
Министрлик жолугушууга компания филиалынын директорунун орун басары Калиев да катышканын кабарлады.
«Тараптардын жолугушуусунун негизги максаты — 2017-жылдын 15-декабрындагы Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Татарстан Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы соода-экономикалык, илимий-техникалык жана энергетикалык кызматташтык жөнүндө макулдашууну ишке ашыруу боюнча 2025-2027-жылдарга иш-чаралар планына ылайык кызматташуу маселелерин талкуулоо. Электр тармактарынын инфраструктурасын эксплуатациялоо боюнча тажрыйба алмашууга багытталды»,- деп айтылат маалыматта.
Жарыяланган сүрөттөрдөн Улуттук энергохолдингдин мурдагы төрагасы — Бишкек ЖЭБди модернизациялоо боюнча козголгон кылмыш ишине күнөөлүү деп табылган Айбек Калиевди көрүүгө болот.
Эске салсак, Айбек Калиев 2019-жылы Бишкек ЖЭБин реконструкциялоодогу коррупцияга тийиштиги бар деп айыпталып, үй мүлкүн конфискациялоо менен 15 жылга эркинен ажыратылган. Октябрь окуялары маалында камактан бошотулуп, кийин өзү кайтып келген. 2021-жылы президенттин жарлыгы менен ырайым берилип, эркиндикке чыккан.











