Эртең, 15-сентябрда түнкүсүн Ысык-Көл облусунун айрым жерлеринде өткүн өтүп, күн күркүрөйт. Күндүз Ысык-Көл, Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад, Баткен, Нарын облустарынын тоолуу райондорунда өткүн өтүп, күн күркүрөйт.
Абанын температурасы:
Чүй өрөөнүндө түнкүсүн +7…+12, күндүз +25…+30;
Талас өрөөнүндө түнкүсүн +5…+10, күндүз +21…+26;
Ысык-Көл облусунда түнкүсүн +7…+12, күндүз +21…+26;
Баткен, Ош, Жалал-Абад облустарында түнкүсүн +13…+18, күндүз +27…+32;
Нарын облусунда түнкүсүн +5…+10, күндүз +22…+27.
Бишкек шаарында жаан-чачын жаабайт. Абанын температурасы түнкүсүн +10…+12°, күндүз +27…+29° жылуу болот.








