Кыргызстандын Өзгөчө кырдаалдар министрлиги билдиргендей, 16-сентябрдан 18-сентябрга чейин аба ырайы кескин өзгөрөт.
Бул күндөрү айрым жерлерде жамгыр жаап, күн күркүрөшү күтүлөт, тоолуу райондордо кар жаашы мүмкүн, кээ бир жерлерде жаан-чачын күчтүү болот.
16-сентябрда күндүз, ал эми 17-18-сентябрда абанын температурасы төмөндөйт:
-
Чүй өрөөнүндө түнкүсүн +6…+11°, күндүз +17…+22° жылуу,
-
Талас өрөөнүндө түнкүсүн +2…+7°, күндүз +15…+20° жылуу,
-
Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарынын өрөөндөрүндө түнкүсүн +9…+14°, күндүз +20…+25° жылуу,
-
Ысык-Көлдө түнкүсүн +4…+9°, күндүз +15…+20° жылуу,
-
Нарын облусунун дыйканчылык зонасында түнкүсүн +2…+7°, күндүз +16…+21° жылуу,
-
Тоолуу райондордо түнкүсүн 0…+5°, күндүз +9…+14° жылуу,
-
Бийик тоолуу аймактарда түнкүсүн -2…-7° суук, күндүз +1…+6° жылуу болот.
ӨКМ белгилегендей, мындай туруксуз аба ырайы автотранспорттун, байланыш, энергетика жана коммуналдык кызматтардын ишин, ошондой эле малды жайыттарда кармоо жана багуу шарттарын кыйындатат.











