Эртең, 16-июлда өлкөнүн көпчүлүк аймактарында жамгыр жаашы мүмкүн.
Абанын температурасы:
Чүй аймагында түнкүсүн +16…+21, күндүз +32…+37;
Талас өрөөнүндө түнкүсүн +11…+16, күндүз +30…+35;
Баткен, Ош, Жалал-Абад облустарында түнкүсүн +14…+29, күндүз +33…+38;
Ысык-Көл дубанында түнкүсүн +11…+16, күндүз +20…+25;
Нарын жергесинде түнкүсүн +9…+14, күндүз +20…+25 градус болот.
Ал эми борбор калаа Бишкекте түнкүсүн +19…+21, күндүз +32…+34 градус болот.












