Дүйшөмбү, 20.04.2026
Бишкек booked.net
+19...+31° C

Кыргызстандык киберспортчулар Румынияда 40 миң доллар жеңип алышты

Киберспорт (PUBG Mobile) түрү боюнча Кыргызстандын курама командасы Дүйнө чемпиондугун жеңди. Бул тууралуу Кыргызстандын компьютердик Спорт федерациясынан билдиришти.

Кыргызстандыктар 16 команданы утуп, 40 миң доллар жеңип алышты. Турнир Румынияда 24-августтан 4-сентябрга чейин уланат. Кыргыз курама командасындагы оюнчулар: Дияр Осмонов, Байтур Курманбеков, Бекнияз Рысалиев жана Антон Генцельман.

Бул турнирде Кыргызстан жалпысынан төрт дисциплинада оюн көрсөткөн. Алар: PUBG Mobile, Dota 2, eFootball 2023 жана Tekken 7.

Dota 2 курама командасы 3-орунду ээлеп, 20 миң доллар утушка ээ болгон. Бул командада Бакыт Эмилжанов, Кыялбек Тайиров, Руслан Темиралиев, Евгений Ри жана Бектур Кулов ойношкон.

Жалгыздан оюн көрсөтүүдө eFootball 2023 жана Tekken 7 командаларынын оюнчулары жогорку деңгээлде оюн көрсөтүшүп, бирок топтон чыга алышкан эмес.

IESF (World Esports Championship) — дүйнө жүзү боюнча киберспорт түрүн өнүктүрүүнү колго алган эл аралык киберспорт федерациясы. Алар 2009-жылдан баштап ар кандай видео оюндар боюнча  мелдештерди жана турнирлерди өткөрүп келишет.

Окшош

Жапаров Токаевге көрүнүктүү казак акыны Мухтар Шахановдун дүйнөдөн кайткандыгына байланыштуу көңүл айтты

Жапаров Токаевге көрүнүктүү казак акыны Мухтар Шахановдун дүйнөдөн кайткандыгына байланыштуу көңүл айтты

Президент Садыр Жапаров Казакстан Республикасынын президенти Касым-Жомарт Токаевге көрүнүктүү казак акыны, драматург, коомдук ишмер, Казакстандын Эл жазуучусу Мухтар Шахановдун дүйнөдөн...

Баткен облусундагы жол кырсыгынан жабыркаган аскер кызматкери Бишкекке жеткирилди

Баткен облусундагы жол кырсыгынан жабыркаган аскер кызматкери Бишкекке жеткирилди

18-апрелде Баткен облусунун Лейлек районундагы жол-транспорт кырсыгынан жабыркаган аскер кызматкери учак менен Бишкек шаарына жеткирилди. Бейтап Улуттук госпиталдын №2 реанимация...

Улуу Ата Мекендик согуштун ар бир ардагерине 200 миң сом өлчөмүндө бир жолку материалдык жардам көрсөтүлөт

Улуу Ата Мекендик согуштун ар бир ардагерине 200 миң сом өлчөмүндө бир жолку материалдык жардам көрсөтүлөт

Президент Садыр Жапаров Улуу Ата Мекендик согуштун ардагерлерине бир жолку материалдык жардам берүү тууралуу тескемеге кол койду. Документке ылайык, Улуу...

Комментарий кошуу

Сиздин email дарек жашыруун бойдон калат. * - сөзсүз толтурулушу керек

Кош келдиңиз!

Төмөндө сиздин эсебине кирүү

Аккаунт түзүү

Катталуу үчүн төмөнкүлөрдү толтуруӊуз

Retrieve your password

Please enter your username or email address to reset your password.