17-18-апрелде Бишкек–Нарын–Торугарт унаа жолунун 129, 131, 132-чакырымдарында, Боом капчыгайынын аймагында (темир жолдун 3899, 3901, 3902-чакырымдарында) кооптуу таштарды түшүрүү иштери жүргүзүлөт. Бул тууралуу «Кыргыз темир жолу» ишканасынан билдиришти.
Иш учурунда ИИМ Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкармалыгынын кызматкерлери тарабынан жол жарым-жартылай жабылат. Иштер саат 09:00дөн 15:00гө чейин жүргүзүлөт. Жол тазаланган учурда унаалар бир тилке менен өткөрүлөт.