Эртең, 17-сентябрда түнкүсүн Чүй, Ош, Жалал-Абад, Ысык-Көл жана Нарын облустарынын көпчүлүк аймактарында жаан жаап, күн күркүрөшү мүмкүн.
Күндүз Ысык-Көл, Нарын облустарынын көпчүлүк аймактарында, Чүй облусунун айрым жерлеринде, Ош жана Жалал-Абад облустарынын тоо этектери менен тоолуу аймактарында жаан жаап, күн күркүрөшү күтүлөт.
Абанын температурасы:
-
Чүй облусу:
түнкүсүн +7…+12°С,
күндүз +17…+22°С -
Талас облусу:
түнкүсүн +5…+10°С,
күндүз +16…+21°С -
Баткен облусу:
түнкүсүн +9…+14°С,
күндүз +21…+26°С -
Ош, Жалал-Абад облустарында:
түнкүсүн +10…+15°С,
күндүз +22…+27°С -
Ысык-Көл облусу:
түнкүсүн +6…+11°С,
күндүз +15…+20°С -
Нарын облусу:
түнкүсүн +7…+12°С,
күндүз +17…+22°С
Бишкек шаарында жаан жаап, күн күркүрөшү мүмкүн. Абанын температурасы түнкүсүн +10…+12°С, күндүз +20…+22°С.











