Кыргызгидрометтин маалыматына ылайык, түнкүсүн Ысык-Көл жана Нарын облустарынын көпчүлүк аймактарында, Чүй, Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарынын айрым жерлеринде кыска мөөнөттүү жаан-чачын болуп, күн күркүрөшү күтүлөт. Талас облусунда жаан-чачын болбойт.
Күндүз Ош, Ысык-Көл жана Нарын облустарынын көпчүлүк аймактарында, Чүй жана Жалал-Абад облустарынын айрым жерлеринде кыска мөөнөттүү жаан-чачын, күн күркүрөшү болот. Ош жана Ысык-Көл облустарынын айрым жерлеринде жаан-чачын күчтүү болот. Талас жана Баткен облустарында жаан-чачын болбойт.
Аба ырайынын температурасы:
-
Чүй облусу түнкүсүн: +14…+19°C, күндүз: +27…+32°C
-
Талас облусу түнкүсүн: +9…+14°C, күндүз: +25…+30°C
-
Баткен облусу түнкүсүн: +16…+21°C, күндүз: +27…+32°C
-
Ош, Жалал-Абад облустары түнкүсүн: +16…+21°C, күндүз: +16…+21°C
-
Ысык-Көл облусу түнкүсүн: +11…+16°C, күндүз: +18…+23°C
-
Нарын облусу түнкүсүн: +10…+15°C, күндүз: +19…+24°C
Бишкек шаарында – булуттуу аба күтүлөт, кыска мөөнөттүү жамгыр жаап, күн күркүрөшү мүмкүн. Түнкүсүн: +16…+18°C, күндүз: +27…+29°C.
Чолпон-Ата шаарында – кыска мөөнөттүү жаан, күн күркүрөшү күтүлөт. Түнкүсүн: +14…+16°C, күндүз: +18…+20°C.











