Эртең, 19-июлда түнкүсүн жаан-чачын болбойт.
Күндүз Ысык-Көл, Нарын облустарынын көпчүлүк аймактарында, Чүй облусунун тоо этектеринде жана тоолуу райондорунда, Ош, Жалал-Абад облустарынын тоолуу райондорунда кыска мөөнөттүү жаан жаап, күн күркүрөйт.
Абанын температурасы:
Чүй аймагында түнкүсүн +19…+24, күндүз +34…+39;
Талас өрөөнүндө түнкүсүн +15…+20, күндүз +33…+38;
Баткен, Ош, Жалал-Абад облустарында түнкүсүн +21…+26, күндүз +34…+39;
Ысык-Көл дубанында түнкүсүн +15…+20, күндүз +28…+33;
Нарын жергесинде түнкүсүн +12…+17, күндүз +27…+32 градус болот.
Ал эми борбор калаа Бишкекте түнкүсүн +22…+24, күндүз +37…+39 градус болот.