Президент Садыр Жапаров бүгүн, 2-ноябрда Бишкектеги жаңыланган Абубакир Изибаев атындагы Кыргыз мамлекеттик циркинин салтанаттуу ачылышына катышты. Аталган жайга мамлекет башчысынын пландан тышкары барып келгенден кийин, анын тапшырмасы менен 2023-жылдын июль айында циркти капиталдык оңдоо иштери башталган.
Реконструкциялоонун алкагында масштабдуу оңдоо иштери жүргүзүлдү: электр системалары жана канализация алмаштырылды, пол жана шып жаңыртылды, жаңы жылытуу системалары жана сантехника орнотулду. Мындан тышкары, чарбалык бөлмөлөр, аттарды кармоо жана багуу үчүн зоналар, артисттер үчүн ыңгайлуу кабинеттер жасалып, манеж жаңыртылды. Реконструкция эл аралык стандарттарга ылайык жүргүзүлүп, имарат заманбап жана ыңгайлуу болуп калды. Ошондой эле цирктеги оюн-зоокторго билет сатуу толугу менен автоматташтырылып, накталай эсептешүүлөр алынып салынган. Билеттер электрондук брондоо кызматтары аркылуу алдын ала сатылып алынат, бул адамдык факторду жокко чыгарып, сатып алуу процессин ыңгайлуу жана ачык-айкын кылат.
Цирктин имараты 1976-жылы курулган жана бул убакка чейин оңдолгон эмес. Ачылыш аземинин алдында Садыр Жапаров циркти капиталдык реконструкциялоо долбоорунун алкагында жүргүзүлгөн иштердин жыйынтыгы менен таанышып, кыдырып чыкты. Анын жүрүшүндө ал жаңыланган форматта цирк өз ишмердүүлүгүн өз алдынча камсыздап, тапкан каражаттарынын эсебинен өзүн өзү багып, ийгиликтүү маданий мекеме катары өнүгүүсү керектигин белгиледи.
Президент ошондой эле эмгекке кызыктыруу жана коллективдин кесипкөйлүгүн жогорулатуу максатында цирк кызматкерлеринин эмгек акысын көбөйтүү маселесин тез арада карап чыгууну тапшырды. Андан соң Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министри Алтынбек Максутов куттуктоо сөзүндө өлкөнүн жетекчилигине маданият тармагын ар тараптуу колдоосу жана олуттуу каржылоосу үчүн ыраазычылык билдирди. Ал 2016-жылы министрликке өлкөдөгү маданиятты колдоо үчүн кошумча 30 миллион сом бөлүнгөнүн эскерип, ошол кездеги чоң салым катары сезилгенин айтты. Бүгүнкү күндө маданиятты каржылоо кыйла көбөйүп, ал эми 2025-жылы маданиятты өнүктүрүүгө мамлекеттик бюджеттен кошумча дагы 3 миллиард сом бөлүнгөнү турат. Белгилей кетсек, цирк Маданият кызматкерлеринин күнүнө карата ачылды. Иш-чаранын расмий бөлүгүнөн кийин коноктор үчүн кыргыз артисттеринин катышуусунда цирк оюн-зооктору тартууланды.
Президент Садыр Жапаров Улуу Ата Мекендик согуштун ардагерлерине бир жолку материалдык жардам берүү тууралуу тескемеге кол койду. Документке ылайык, Улуу...
Ош облусунун Араван районунда башка аймактарга салыштырмалуу жашылча жемиштер 2-3 жума эрте бышат. Учурда капустанын басай сорту бышып, дыйкандар экспортко...
Аба ырайынын кескин өзгөрүшүнө байланыштуу 15-апрелден 19-апрелге чейин жаан-чачын күтүлүп, абанын температурасы жогорулайт. Кыргызстандын тоолуу райондорунда кар көчкү түшүү коркунучу...
Президент Садыр Жапаровдун Ош облусуна болгон иш сапары жыйынтыкталды. Өлкө башчысы Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Аманкан Кенжебаев менен биргеликте...
Кечээ, 15-апрелде Бишкек шаарынын ЖЭБнин базасында Бишкек шаарынын мэри Айбек Жунушалиевдин жана Бишкек шаардык кеңешинин төрагасы Бекжан Үсөналиевдин төрагалыгы алдында...