SerepTV Logo

2-5-сентябрь күндөрү Ысык-Көлдө сел жүрүшү мүмкүн

2-5-сентябрь күндөрү Ысык-Көлдө сел жүрүшү мүмкүн
Өзгөчө кырдаалдар министрлиги эскертет: 2-сентябрдан 5-сентябрга чейин күтүлүп жаткан нөшөрлүү жаан-чачынга байланыштуу, Ысык-Көл облусунун тоолуу жана тоо этектериндеги аймактарында сел жүрүү жана суу ташкыны коркунучу бар.

Ошол себептен жарандардан коопсуздук чараларын сактоону, дарыялардын, суулардын жээктерине жакын аймактарда болбоону жана тоолуу аймактарга чыкпоону эскертебиз. Кырсык катталган учурда 112 кыска номерине кайрылыңыздар.
SEREP MEDIA